Акылбек Жапаров маморгандарга кагаздарды пайдаланууну эки эсе кыскартууну тапшырды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мамлекеттик органдарга кеңсе кагаздарын пайдаланууну эки эсе кыскартууну жана электрондук документ жүгүртүүгө өтүүнү тездетүүнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Жапаров президенттин администрациясынын аппараттык кеңешмесинин жүрүшүндө мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмаларды берген.

“Мамлекеттик органдарга кеңсе кагаздарын пайдалануунун көлөмүн эки эсеге кыскартуу жана кеңсе кагазынын эки бетине басып чыгаруу тажрыйбасын киргизүү тапшырылат. Бул жөнөкөй чара учурдагы керектөөнү 50 пайызга кыскартууга, натыйжада, өлкөнүн бюджетин жылына 112 млн. сомго жакын үнөмдөөгө мүмкүндүк берет”, – деп айтылат маалыматта.

Өкмөт башчы мындай чара экологияга келтирилген зыянды дагы азайта турганын айтып, электрондук документ жүгүртүүгө өтүүнү тездетүүнү тапшырган.

“Бир тонна кагаз өндүрүү үчүн 17 дарак, 35 миң литр суу, 4 миң кВт электр энергиясы жана 240 тонна отун керектелет. Ал эми кагаз өндүрүшүндө көмүртек кычкылы, аммиак, сымап, нитрат, метанол, бензол, диоксин жана башка заттар колдонулат. Кагаз чиригинде метан бөлүнүп чыгат, бул парник эффектин СО2ге караганда 25 эсеге көбөйтөт, бул дагы глобалдык жылуулукка таасир этет”, – деди Жапаров.

Финансы министрлигине мамлекеттик органдардын кеңсе кагаздарын сатып алууга чыгымдар беренесин каржылоону кыскартуу тапшырылды.

Мамлекеттик үлүшү бар мамлекеттик ишканалардын жана акционердик коомдордун жетекчилигине мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдардын өзгөрүшүнө байланыштуу сатып алуулардын жол-жобосун иштеп чыгуу жана документти Финансы министрлиги менен макулдашуу тапшырылды.