Темирлан Сманбеков Ысык-Көл облусундагы Касымалы Жантөшөв атындагы драма театрынын директору болуп дайындалды

Темирлан Сманбеков Ысык-Көл облусундагы Касымалы Жантөшөв атындагы драма театрынын директору болуп дайындалды. Маалыматты Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен тастыкташты.

278611628 721021772333741 226454891848480997 n 1024x768 1 Темирлан Сманбеков Ысык-Көл облусундагы Касымалы Жантөшөв атындагы драма театрынын директору болуп дайындалды

Маалыматка ылайык, Сманбеков театрдын жалпы жамаатына тааныштырылды.

Темирлан Сманбеков 1957-жылы Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Булак айылында туулган. Жогорку билимдүү. Ош педагогикалык институтунун музыка факультетин бүтүргөн. 1983-жылы Москвадагы Луначарский атындагы Театр искусствосу мамлекеттик институтун аяктаган.

Эмгек жолу:
1976-1977 ― Ош кыргыз драма театрында артист;
1983-2004 ― Ысык-Көл драма театрында, Бишкектеги республикалык жаштар жана жеткинчектер театрында, Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында артист, Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдындагы театр окуу жайында окутуучу, директор;
2004-2007 ― Бакен Кыдыкеева атындагы Жаштар жана жеткинчектер театрынынын директору;
2007-2014 ― Муса Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театрынын директору;
2014-2017 ― Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын директору;
2017-2020 ― Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театрынын директору;
2020-жылдан тартып ушул күнгө чейин Бакен Кыдыкеева атындагы Жаштар жана жеткинчектер театрынын директору.