Айрым банктарда «Золотая Корона» системасынын иши убактылуу токтотулду

Кээ бир коммерциялык банктар «Золотая Корона» системасынын ишин убактылуу токтотконун жарыялашты.

Алсак, «Оптима Банк» «Золотая Корона» акча которуу системасын убактылуу токтотконун билдирип, ошол эле учурда Western Union, Contact, Moneygram системалары штаттык режимде иштеп жатканын кабарлады.

Ал эми РСК Банкы «Золотая Корона» ишинин токтоп калышын техникалык иштер менен түшүндүрүштү.