Тез жардам унаасы жол кырсыгына кабылды

Бүгүн, 4-февраль күнү Бишкек шаарынын Ахунбаев жана Айтматов көчөлөрүнүн кесилишинде Toyota Land Cruiser менен тез жардам унаасы менен кагышты.  Бул туурасында  баш калаанын Кайгуул милициясынан  билдиришти.

Маалыматка караганда, тез жардам унаасынын айдоочусу жана жүргүнчү, мындан тышкары  Toyota Land Cruiser унаасын башкарган аял жеңил жаракат алышты. Эки унаа тең айып короого киргизилди.

Учурда  жол кырсыгынын себептери такталууда.