Кытай-Кыргыз өлкөсү-Өзбекстан темир жолунун курулуш иштери башталат

Жакынкы күндөрү Кытай-Кыргыз өлкөсү-Өзбекстан темир жолунун курулуш иштери башталат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Кытайдын CGTN эл аралык телеканалына берген маегинде билдирди.

Өлкө башчы «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун достуктун жана туруктуу өнүгүүнүн жолу деп атап, анын курулуш иштери жакынкы аралыкта башталарына ишеним арта турганын билдирди.

«Темир жолунун курулушу Кыргыз өлкөсү менен Өзбекстандын гана эмес, бүтүндөй Борбордук Азия чөлкөмүнүн транспорттук жана транзиттик потенциалын жогорулатат. Учурдагы темир жолдор товарлардын агымына туруштук бере албайт. Ошондой эле бул долбоор эл аралык мультимодалдык логистикалык борборлорду түзүп, өнөр-жай кластерлеринин тармагын түзүүгө мүмкүндүк берет.

Учурда бул долбоор эки тараптуу мамилелердин күн тартибинде турат. Долбоор боюнча эч кандай саясий пикир келишпестиктер жок. Болгону үч өлкөнүн адистери карап жаткан долбоордун техникалык аспектилерине жана финансыга байланыштуу гана маселелер бар. Биргелешкен күч-аракет менен темир жолдун курулуш иштерин баштайбыз деп ишенем», — деди Садыр Жапаров.

Маалымат үчүн кошумчалай кетсек, президент 3-февраль күнү Кытайга иш сапары менен кеткен. Анда Кытай тарап менен саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулай турганы кабарланган.