ИИМ: Экстремисттик ишмердикке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамды иштеп чыгуу зарылчылыгы келип чыкты

ИИМ: Экстремисттик ишмердикке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамды иштеп чыгуу зарылчылыгы келип чыкты

WhatsApp Image 2022 02 04 at 14.46.21 ИИМ: Экстремисттик ишмердикке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамды иштеп чыгуу зарылчылыгы келип чыкты

Бүгүн, 4-февраль күнү «Shеraton» мейманканасынын конференциялар залында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин демилгеси менен “Экстремисттик ишмердикке каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамынын долбоорун ЖМКлар менен талкуулоо боюнча тегерек стол болуп өттү. Буга чейин, аталган мыйзам долбоору коомдук талкууга жарыяланган.
Тегерек столго ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын башкармалык начальнигинин орун басары Улан Бердибаев, бөлүм начальнигинин орун басары Самат Осмонов, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү жана медиа эксперттер катышты.

WhatsApp Image 2022 02 04 at 14.46.20 ИИМ: Экстремисттик ишмердикке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамды иштеп чыгуу зарылчылыгы келип чыкты


Иш-чараны Улан Бердибаев ачып, азыркы учурда, саясий, экономикалык, криминалдык, өлкөнүн жана анын жарандарынын коопсуздугуна коркунуч туудурган, конституциялык түзүлүштүн негиздерин бузууга чейинки башка кызыкчылыктарды жана максаттарды көздөгөн деструктивдүү жана экстремисттик уюмдардын ишмердиги байкалып жаткандыгын билдирди. “Диний уюмдардын жана айрым жарандардын деструктивдүү ишмердиги кайрымдуулук, билим берүү же башка социалдык маанидеги акцияларга жамынып алуу менен жүзөгө ашырылат жана айрым жарандардын, коомдун жана бүтүндөй мамлекеттин жашоо-тиричилигине коркунуч туудурса да, белгилүү этапта экстремизмдин жана зомбулуктун белгилерин көрсөтпөйт. “Интернет” тармагын кошкондо, маалыматтык-телекоммуникациялык тармактар экстремисттик уюмдар үчүн негизги байланыш каражатына айланды, алар аны өз катарына жаңы мүчөлөрдү тартуу, экстремисттик багыттагы кылмыштарды уюштуруу жана жасоо, экстремисттик идеологияны жайылтуу үчүн колдонушат”,-деди Улан Бердибаев.


Андан соң, ИИМдин ЭММКАКтын бөлүмүнүн начальнигинин орун басары Самат Осмонов катышуучулардын назарына аталган “Экстремисттик ишмердикке каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзам долбоору менен тааныштырып, мамлекеттик органдардын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрүнүн түздөн-түз катышуусу менен иштелип чыккандыгын билдирди.
Самат Осмоновдун айтуусунда, бул ишти координациялаган мамлекеттик борбор катары Экстремизмге каршы күрөшүү боюнча ведомстволор аралык комиссия алгачкы жолу түзүлүп, “экстремизм” жана “экстремисттик ишмердик” түшүнүктөрү киргизилген жана ал укук коргоо жагынан маанилүү. Мыйзамдын мындай жазылышына ылайык, жарандар “жалпысынан экстремизм” үчүн эмес (анын ичинде сөздөр, ойлор үчүн), Кылмыш-жаза кодексинде так көрсөтүлгөн “экстремисттик иш-аракеттер” үчүн гана соттолушат, башкача айтканда, иш-аракеттери үчүн жана сот тарабынан аныктала тургандыгын маалымдады.


Иш-чаранын жүрүшүндө ИИМдин өкүлдөрү мыйзам долбоорун толук тааныштырып, анын жыйынтыгында катышуучулар тарабынан көтөрүлгөн ой-пикирлерди жана сунуштарды ишке кабыл алышты жана берилген бардык суроолорго жооп беришти.
Тегерек столдун жыйынтыгында Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү бирдиктүү макулдашылган позицияны иштеп чыгуу жана конкреттүү корутунду даярдоо үчүн жарандык коомдун пикирин угуу маанилүү экендиги белгилешти.

ИИМдин Басма сөз кызматы
WhatsApp Image 2022 02 04 at 14.46.19 ИИМ: Экстремисттик ишмердикке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамды иштеп чыгуу зарылчылыгы келип чыкты