Сабырбек Жумабеков: “Садыр Жапаров айтмайынча кетпейм”

Бишкек травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборун ушул кезге чейин жетектеп келген Сабырбек Жумабеков президент Садыр Жапаров айтмайынча кызматынан кетпей турганын билдирди.

Ал 4-февралда анын ордуна дайындалды деген адамды жамаатка тааныштыруу үчүн келген министрдин эки орун басарын оорукананын имаратына киргизбей койду.

Мунун алдында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев аталган илимий изилдөө борбору Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы болуп кайра түзүлгөнүн билдирген. Ал Сабырбек Жумабековду кызматынын бошотконун, жаңы түзүлгөн оорукананын башчысы болуп Гулия Кожокматова, ал эми башкы дарыгер кызматына Дамир Дүйшөнов дайындалганын кабарлаган.

Жумабеков менен Бейшеналиев соңку кырдаалга байланыштуу бири-бирин айыптап жатат. Министр аны бул «оорукананы менчиктештирип, тааныш-билиштерин, туугандарын жумушка орноштуруп алды деп», күнөөлөгөн, Жумабеков болсо аны жокко чыгарган.

Министрдин айтуусунда, 2015-жылдан бери  Сабыр Жумабеков жоюлган борбордо иштеп жүргөн.  7 жылдан бери жоюлган борборду, борбор  деп иштеп жүргөн академик баарына жооп бериши керек. Ал ошол жерде билгенин жасап келген.

Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борбору  “Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы” болуп кайра түзүлөрүн кабарлаган.