
Орусиянын муфтийинин орун басары Дамир Мухетдинов Кыргызстанга келди. Бул тууралуу Кыргызстандын муфтиятынан кабарлашты.
Аны муфтийдин биринчи орун басары Самидин Атабаев жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын кызматкерлери тосуп алышты. Мухетдинов 27-августта боло турган Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жаңы имаратынын ачылышына катышат.