
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдук районуна расмий сапар менен барат. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэн менен болгон жолугушуусунда айтылды.
Жолугушуу 14-августта өтүп, саясий, соода-экономиикалык жана маданий-гуманитардык тармактагы кызматташуу маселелери талкууланган.
Жолугушууда айтылгандай Акылбек Жапаров Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдук районуна расмий сапар менен барса, октябрь айында Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цян Кыргызстанга расмий сапар менен келет.
