
Сокулукта дайынсыз болуп изделип жаткан Кенжебек уулу Жанарбектин сөөгү табылды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Белгиленгендей, азыркы учурда бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары 3 адам кармалды.
Милиция толук маалымат кийинчерээк берилерин билдирди.
Эскерте кетсек, буга чейин Сокулук районунда 1990-жылы туулган Кенжебек уулу Жанарбек дайынсыз болуп изделип жаткан. Ал үстүбүздөгү жылдын 22-июлунда Чат-Көл айылындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.
