ВИДЕО: КамАЗ №169 маршрутканы сүзүп, 1 адам каза болду

Бишкекте КамАЗ жүргүнчү ташыган №169 маршрутканы сүзүп, 1 адам каза болду.

Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлагандай, кырсыктан жалпы 24 адам ооруканага жеткирилген. 4 адам жандандыруу бөлүмүнө түшүп, алардын үчөөсүнүн абалы оор. 1 адам каза болгон.

 «Калган 7 киши амбулатордун дарыланууга жөнөтүлдү»,- деп жазылат маалыматта.

Буга чейин социалдык тармактарда №169 кичи автобус менен КамАЗдын катышуусундагы үрөй учурган жол кырсыктын видеосу тараган.