«Октябрь» кинотеатрынын имараты Чүй театрынын карамагына өттү

«Октябрь» кинотеатрынын имараты Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук театрына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги маалымдады.

Кабыл алуу жана өткөрүп берүү актысына кинотеатрдын, кинематография депратаментинин жана театрдын жетекчилери кол койду.

Кошумчалай кетсек, Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук театрынын өзүнүн имараты жок болчу.