Түркияда миңдеген мыйзамсыз мигранттар кармалды

Акыркы бир нече жумада Түркиянын укук коргоо органдары мекеме-ишканаларда ири рейддерди жүргүзүп, алардын алкагында миңдеген мыйзамсыз мигранттар кармалды.

Ahaber телеканалынын 16-июлдагы маалыматына караганда, акыркы бир айда түрк полициясы өлкөдө мыйзамсыз жүргөн мигранттарды аныктоо жана кармоо боюнча рейддердин санын кескин көбөйттү. Рейддер жүргүзүлгөн негизги аймактар – Стамбул шаары жана туристтик аймактар.

«Акыркы эки күндүн ичинде рейддердин жүрүшүндө 18 мигрант кармалды. Ал эми акыркы бир айда 15 миңден ашуун мыйзамсыз мигрант кармалып, алардын 6 миңден ашыгы өлкөдөн чыгарылды. Дагы 9 миңге жакын мыйзамсыз мигрантты депортациялоо боюнча расмий процедуралар уланууда», — деп айтылат маалыматта.

Чет элдик жарандарга карата чаралардын катаалдашы Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын «түрк жарандары жакын арада мыйзамсыз мигранттар маселесинде өзгөрүүлөрдү сезет» деген билдирүүсүнөн кийин байкалууда. Бул тууралуу түрк лидери өткөн аптада Литвада өткөн НАТОнун саммитинен кайтып келгенден кийин билдирген.