“Милиционерлер баңгизатты атайын таштаган”: Россиянын жаранынан акча каражатын опузалап талап кылгандар кармалды

ИИМдин Ички иликтөө кызматы ички иштер органдарынын катарынан кызматтык кызыкчылыктарды саткандардан, паракорлордон, мыйзамды бузгандардан, коомчулуктун алдында милиция кызматкерлеринин кадыр-баркына көө жапкандардан тазалоого багытталган иштерди улантат.

Бул туурасында ИИМ маалымат таратты.

Жарандардын кайрылууларын жана арыздарын кароого формалдуу мамиле кылуу, кылмыштарды каттоодон баш тартуу, пара талап кылуу, оройлук сыяктуу фактыларды табууга өзгөчө көңүл бурулууда.
Буга чейин ИИМдин Ички иликтөө кызматына Россия Федерациясынын жараны «З.Э.» кайрылып, 2023-жылдын 20-апрелинде кафеден «Д» аттуу кыз жана укук коргоо органдарынын белгисиз кызматкерлери баңгизатын жабарлануучуга жашыруун таштап, андан соң белгисиз кызматкерлер аны үйүнүн жанынан кармап, кылмыш жоопкерчилигине тартпоо үчүн коркутуу жолу менен 315 000 сом акча каражатын алышканын билдирип, аларга карата мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган.
Аталган факты КБРге каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүмүндө (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) каралган кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлгөн.
ИИМдин Ички иликтөө кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө төмөнкүлөр аныкталган. «Т.Д.», «М.А.» аттуу кыздар мурда соттолгон жарандар «У.А.», «Т.Н.» жана милиция кызматкерлери менен биргеликте алдын ала сүйлөшүп алышып, баңгизаттарды таштоо жолу менен жарандардан опузалап акча талап кылуу схемасын уюштурушкан. Андан сырткары, алар аткара турган ролдорунда бөлүштүрүп алышкан.

svr 5 "Милиционерлер баңгизатты атайын таштаган": Россиянын жаранынан акча каражатын опузалап талап кылгандар кармалды


2023-жылдын 26-июнунда ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө жарандар Т.Д., М.А., У.А., Т.Н., ошондой эле ИИМдин аймактык бөлүктөрүнүн милиция кызматкерлери, милициянын кенже лейтенанты Ж.И., милициянын улук лейтенанттары Ч.З. жана Б.Б. кармалышкан.
Учурда ИИМдин Тергөө кызматы иликтөө иштерин жүргүзүшүп, күч түзүмдөрүнүн башка тиешеси бар кызматкерлерин такташууда.
Учурда ИИМдин Ички иликтөө кызматы ички иштер органдарынын айрым кызматкерлери тарабынан жасалган коррупциялык жана башка мүнөздөгү кылмыштарды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча чараларды үзгултүксүз жүргүзүп келүүдө.

ff75d9d0 839b 44b2 9303 821a998a01cc "Милиционерлер баңгизатты атайын таштаган": Россиянын жаранынан акча каражатын опузалап талап кылгандар кармалды
svr 2 "Милиционерлер баңгизатты атайын таштаган": Россиянын жаранынан акча каражатын опузалап талап кылгандар кармалды
svr 3 "Милиционерлер баңгизатты атайын таштаган": Россиянын жаранынан акча каражатын опузалап талап кылгандар кармалды
svr 4 "Милиционерлер баңгизатты атайын таштаган": Россиянын жаранынан акча каражатын опузалап талап кылгандар кармалды
svr 6 "Милиционерлер баңгизатты атайын таштаган": Россиянын жаранынан акча каражатын опузалап талап кылгандар кармалды
svr 7 "Милиционерлер баңгизатты атайын таштаган": Россиянын жаранынан акча каражатын опузалап талап кылгандар кармалды