«Ош» базарда спирт ичимдиктерин колго жасаган цехтер жабылды

УКМК менен  Министрлер кабинетинин алдындагы алкоголдук продукцияларды чыгарууну контролдоо боюнча мамлекеттик агенттик алкоголдук продукцияларды чыгаруу боюнча жашыруун цехтердин ишмердүүлүгүнө бөгөт койду. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, Бишкек жана Чүй облусунун аймагында, ошондой эле «Ош» базарындагы “Берекет универсал” соода-түйүндөрүндөгү тинтүү иштеринин натыйжасында ар кандай көлөмдөгү 3 миң 350 литрди түзгөн 16 миң 900 бөтөлкө жасалма алкоголдук ичимдиктер (арак, коньяк, виски жана текила) табылды.

Ошондой эле 350 литр этил спирти, 2000ден ашык жасалма акциздик маркалар, этикеткалар, контрафакттык алкоголдук ичимдиктерди чыгаруучу машиналар, спиртти өндүрүү үчүн колдонулган атайын түзүлүштөр жана башка компоненттер табылган.

Белгилеп кетсек, курамында спирт бар продукциялар санитардык-техникалык жана медициналык нормаларды сактабастан, колго жасоо ыкмасы менен өндүрүлгөн, бул керектөөчүлөрдүн ден соолугуна зыян келтирет, ошондой эле республиканын генофондуна коркунуч келтирет.

e4cd4622 35c6 48bd 9bfa 830c9cbd3ca1 «Ош» базарда спирт ичимдиктерин колго жасаган цехтер жабылды
d447a3f4 f54e 4595 b798 4416e6916048 «Ош» базарда спирт ичимдиктерин колго жасаган цехтер жабылды
1fa769b6 e46b 4274 9a9e bea923dc590d «Ош» базарда спирт ичимдиктерин колго жасаган цехтер жабылды
f4b9728a f3ec 4b13 b39e 0c24ec22b92b «Ош» базарда спирт ичимдиктерин колго жасаган цехтер жабылды