Чүйдө айдоочу уктап кетип, «Мерседес Бенц-311» кичиавтобусун сүзүп алган

Бишкек – Нарын – Торугарт трассасында 16-июлда болжол менен саат 06:20да кичиавтобустун катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Чүй облусу боюнча ЖККББнын алды ала маалыматына караганда, «ДЭУ Нексиянын» айдоочусу уктап кетип, «Мерседес Бенц-311» кичиавтобусун сүзүп алган.

Кырсыктын кесепетинен кичиавтобустун айдоочусу жана жүргүнчү жабыркаган, алар Кемин райондук ооруканасына жаткырылды.