Президент жолдогу коррупция тууралуу анекдот айтты

Бүгүн, 17-июлда президент Садыр Жапаров Транспорт жана коммуникациялар министрлигине жаңы атайын техникаларды тапшырды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Министрликке 265 атайын техника берилген. Алардын катарында заманбап самосвалдар, автогрейдерлер, битум ташыган унаалар, бульдозерлер, авто бетон аралаштыргычтар, экскаваторлор жана башка техника бар.

Иш-чара учурунда Садыр Жапаров сөз сүйлөп, катышуучуларга жол салуудагы коррупция тууралуу анекдот айтып берген.