Транспорт министрлигине 265 даана жаңы атайын техника тапшырылды

Садыр Жапаров бүгүн, 17-июлда, салтанаттуу түрдө өлкөнүн Транспорт жана коммуникациялар министрлигине жаңы атайын техниканы тапшырды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин түзүмдөрүнө республикалык бюджеттин эсебинен сатып алынган 265 даана атайын техника берилди. Аларга заманбап самосвалдар, автогрейдерлер, битум ташыган транспорт каражаттары, бульдозерлер, авто бетон аралаштыргычтар, экскаваторлор жана башка техника кирет.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө жаңы техниканын жардамы менен Министрликтин материалдык-техникалык базасы күчөтүлөрүн белгиледи.

Садыр Жапаров, жол – мамлекеттин, коомдун өнүгүүсүнүн ажырагыс бөлүгү болгон, экономикалык жана социалдык өнүгүүдө терең мааниге ээ тармак экенин баса белгиледи.

Алдыга жылып, өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошулууну ишенимдүү заманбап транспорттук инфратүзүмсүз элестетүү мүмкүн эмес. Себеби: жол тармагы өлкөлөрдүн, шаарлар менен айылдардын тыгыз байланышын камсыздап, калкыбыздын күнүмдүк турмушун жеңилдетүүгө түздөн-түз салым кошот, экономиканын негизги кыймылын камсыз кылат, андан башка региондордун өнүгүшүнө, туризмдин өркүндөшүнө, инвестиция тартууга, жумуш орундарын түзүүгө жана жергиликтүү калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга өбөлгө болот.

Президент 2026-жылга чейинки Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасында транспорттук-логистикалык инфратүзүмдү өнүктүрүүгө артыкчылык берилгенин жана бул багытта келечектен көптү үмүттөндүргөн чоң-чоң пландар бар экенин өзгөчө белгилеп өттү.