Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда жол кырсыгы катталып, 5 адам каза тапты

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 78 чакырымында жолтранспорт кырсыгы катталып, 5 адам каза тапты. Бул тууралуу Turmush басылмасы маалымдайт.

Маалыматка ылайык, 30-июнда саат 15:00 чамасында Кубаакы ашуусунда “Хонда Степвагон” үлгүсүндөгү унаа менен “Киа К5” үлгүсүндөгү жеңил унаа кагышкан. Жерине барган куткаруучулар жабыркаган адамдарды Кочкор райондук ооруканасына алып кетишкен.

Кочкор райондук ооруканасынан алынган маалымат боюнча, “Хонда Степвагон” үлгүсүндөгү унаада 8 адам, “Киа К5” үлгүсүндөгү жеңил унаада 5 адам болгон. Алардын баары оор жаракаттары менен хирургия жана жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Алгач 2 адам кырсыктын кесепетинен каза болушкан. Ошол эле күнү кечинде жандандыруу бөлүмүндөгү дагы 3 жаран көз жумган.

Алдын ала маалыматтарга караганда, каза болгондор Кочкор районунун тургундары болушкан.