Журналист: “илгертен атасы миң жаман болсо да балдар анын фамилиясын алып келген”

Кыргызстанда балдарга апасынын атын берүүгө уруксат берилди. Бул тууралуу эки жарым жылдан бери өлкөнүн мамлекеттик органдары менен соттошуп жүргөн активист Алтын Капалова билдирди.

Анын айтымында, Конституциялык соттун Соттук коллегиясынын чечиминде эки пункт бар. Биринчи пункт, ар бир бойго жеткен кыргызстандык атасынын атын эмес, апасынын атын ала алат.

Журналист Айбек Шамшыкеев бул боюнча пикирин билдирди.

Төмөндө текстти өзгөртүүсүз берилди:

«Буга чейинки тарыхта балдарга аял киши өзүнүн фамилиясын берген көрүнүш болгон эмес. Еврейлер гана ошентишет. Же еврейлер өз салтын таңуулап, акча берип жатышабы? Байыркы кыргызга өтө өөн, уят иш болгон. Тилекке каршы, Кыргызстандын Конституциялык соту мындай ишке уруксат бериптир. Алтын Капалова деген аял 3 баласына өзүнүн фамилиясын бере албай 2,5 жылдан бери Мамлекеттик каттоо кызматы менен соттошуп келген. Акыры сот уруксат берип, кыргыз наркына, салтына бүлүк салыптыр. Барган сайын намысты тебелеп, нагыз наркты бузуу оңой – олтоң иш болуп баратат. Ушунчабызда эсибизге келели. Аял киши күйөөсу менен ажырашып кетсе, атасы балдарын багууга жардам бербесе ал башка маселе. Аны мыйзам менен башкача жазалоо керектир. Андай адамдар жашоодо деле жыргап кетпейт. Тууган-туушкан, эл деген бар. Анан, ажырашып кеткен аялдын өз оюна келген, ары болгондо акмакчылык, бери дегенде нааданчылык ишти минтип шымаланып ишке ашырып жатышы жакшы эмес. Буга көмөк кылган биздин көңдөй баш билермандарга болсо сөз жок. Аман болушсун. Бул келечек үчүн коркунучтуу иш. Илгертен атасы миң жаман болсо да балдар атасынын фамилиясын алып келген. Атанын орду башка, эненики башка. Бир тараптуу баалоо, же кароо туура эмес. Мындайга чекилик ишке дароо чекит коюлушу керек. Акыркы мезгилде алам укугу, аял укугу, бала укугу деп аша чаап салтыбызды сапырып, каадабыздыбмык менен кагып, наркыбызды намыс менен кошо жыйыштырып, артка кеткенден артка кетип баратабыз. Батышты туурагандан башыбыз чыкпай, түпкү өзөгүбузго өгөй мамиле жасап, түкүрүп жатабыз. Бул көрүнүш эми миңдеген бой аялдарга жаман өрнөк болуп калары бышык. Бул боюнча өлкө башчысы, аттуу- баштуу аксакал, кок сакалдар да өз пикирлерин билдирип, талапка ылайык чечкиндүү чара көрүү зарыл… Темирди кызуусунда сок… Эртең кеч…», — деп жазган журналист.