Түркияда жоголгон кыргызстандык кызды издөө иштери уланууда

Стамбул шаарында дайынсыз болуп жаткан кыргызстандык кызды издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Кыргызстандын аталган шаардагы Башкы консулдугу кабарлады.

Ушул жылдын 24-июнунда Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугунун тез жардам кызматына А.Ж. аттуу мекендешибиз, кызы Ж.Ш.Б. акыркы эки күндөн бери байланышка чыкпагандыгы туурасында маалымат түшкөн. А.Ж.нын айтымында, кызы Стамбул шаарынан Болгариянын Варна шаарына автобус менен бара тургандыгы белгиленген.

Башкы консулдуктун кызматкерлери Стамбулдун Сабиха Гөкчен аэропортунун миграциялык кызматына мекендишибиздин Түркияга кирүү убактысын тактоо боюнча кайрылышкан. Кыргыз Республикасынын жараны Ж.Ш.Б. эч тоскоолдуксуз, Стамбул аймагына кирген деген маалымат алынган.

Түркия Республикасынын Тышкы иштер министрлигине издөө иштерин жүргүзүү өтүнүчү менен Нота жөнөтүлгөн. Учурда Стамбулдун тиешелүү укук коргоо органдары издөө иштерин жүргүзүүдө.