УКМК: кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду

УКМКнын берген маалыматында, уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, Ош шаардык ички иштер башкармалыгы менен биргеликте, Ош облусунун тургунунан опузалап акча талап кылган кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.


“1996-жылы туулган А.у.К. жана 1995-жылы туулган Ж.у.Ч. аттуу жарандар физикалык зомбулук көрсөтөбүз деп коркутуу менен Ош облусунун Кара-Суу районунун А.С. аттуу тургунунан 30 миң сом өлчөмүндө акча каражатын, ошондой эле ай сайын 15 миң сом өлчөмүндө акча төлөп турууну талап кылышканы аныкталды”, – деп айтылат маалыматта.


Натыйжада, үстүбүздөгү жылдын 29-июнунда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында жогорудагы жарандар кармалган. Учурда кылмыштын уюштуруучусу убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иликтөө иштери жүрүп жатат.


Атайын кызматтар жана укук коргоо органдары биргеликте уюшкан кылмыштуу топторго каршы аракеттенүүнү улантууда.

4065b3af 8976 4fc9 becb ab009eeb01cd УКМК: кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду
9c66337d ce39 4ec5 850e 4c922e31d68d УКМК: кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду
9b947048 54d5 49b2 8418 a344457326e8 УКМК: кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду