“Торугарт” жана “Эркештам” көзөмөл-өткөрүү бекеттери 22-июнда убактылуу жабылат

Кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы “Торугарт” жана “Эркештам” көзөмөл-өткөрүү бекеттери 22-июнда убактылуу жабылат. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматы билдирет.

Мекеменин билдирүүсүнө караганда, бекеттер Кытайдагы Дуань-у цзе майрамына карата жабылат.

Адамдарды, транспорттук унааларды өткөрүү 23-июнда калыбына келтирилет.