Кадамжайдагы 14 жашар кыздын өлүмү боюнча депутат Жогорку сотко кайрылды

Жогорку сот жакынкы күндөрү Баткендин Кадамжай районунда 14 жаштагы кыздын өлүмү боюнча ишти карайт. Бул тууралуу бүгүн, 21-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айбек Осмонов билдирди.

Ал Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нурлан Мусаевге кайрылып, аталган ишти адилеттүү кароону өтүндү.

Эскерте кетсек, өткөн жылдын 4-сентябрында 14 жаштагы кыздын сөөгү Кадамжайда сел өтүүчү тоннелдин ичинен колу артка жип менен байланып, муунтулган абалда табылган.

Бул боюнча кылмыш иши козголуп, кыздын өлүмүнө шектүү делип Халмион айыл аймагынын 1997-жылы туулган М.Ш., 1995-жылы туулган Г.Д. жана 1998-жылы туулган А.у.С. аттуу тургундары кармалган. Андан кийин бул иш боюнча шектүү катары төртүнчү адам колго түшүрүлгөн.

Кийинчерээк аталган иш сотко өтүп, төрт шектүүгө айып тагылган.

3-декабрда шектүүлөрдүн экөө — 1997-жылы туулган Ш.М. жана 1998-жылы туулган А.у.С. Ош шаарындагы тергөө абагында асынган абалда табылган.

Кийинчерээк Кадамжай райондук сотунун 7-февралдагы өкүмү менен шектүү Б.у.Э.10 жылга эркиндигинен ажыратылган.

Соттолуучу (2005-жылы туулган) кылмыш жасаган учурда 18 жашка толо элек болгондуктан, ага белгиленген жаза мөөнөтү 10 жылдан ашкан эмес.

Ошондой эле, Кадамжай райондук сотунун 28-февралдагы өкүмү менен төртүнчү шектүү Г.Д. мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркиндигинен ажыратылган.