Раззаков шаарында мыйзамсыз иштеп жаткан стоматологиялык борбордун иши токтотулду

Лейлек районундагы стоматологиялык борбордун ишин УКМК тарабынан токтотулганын аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесинин 2-бөлүгүндө (Документтердин жасалмасын жасоо) каралган кылмыштын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында Лейлек районунун Раззаков шаарында жасалма лицензиянын негизинде мыйзамсыз иштеп жаткан стоматологиялык борбордун ишмердүүлүгү токтотулду.


“Медициналык борбор колдонгон лицензия КР Саламаттык сактоо министрлигинин лицензиялардын жана уруксаттардын мамлекеттик реестринде жок экендиги аныкталды. Медициналык борбордун ээси Лейлек районунун Раззаков шаарынын Х.А. аттуу тургуну, жана андан башка медициналык кызматты дагы эки кызматкер көрсөткөн. Ошол эле учурда борбордун кызматкерлерин салык органдарына каттоо жасалма лицензиянын негизинде жүргүзүлгөн.
Тинтүү учурунда көрсөтүлгөн жасалма лицензия жана башка документтер табылып алынды. Медициналык пункттун ишмердүүлүгүндө ошондой эле санитардык нормаларды бузуу фактылары аныкталган”, – деп айтылат маалыматта.


Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, анын жыйынтыгы менен тиешеси бар адамдарга чара көрүлөт. Бүгүнкү күндө тергөө иштери уланууда.

bb7e2524 5257 434f bc2a b54b169027c2 Раззаков шаарында мыйзамсыз иштеп жаткан стоматологиялык борбордун иши токтотулду
3ddd80f1 4edb 49ee b35a 5c5c76356c9a Раззаков шаарында мыйзамсыз иштеп жаткан стоматологиялык борбордун иши токтотулду
189d2948 459a 4bf6 9c10 d59fa416ddc7 Раззаков шаарында мыйзамсыз иштеп жаткан стоматологиялык борбордун иши токтотулду
e3b1918f b0ad 4805 854e 2ee5974be39c Раззаков шаарында мыйзамсыз иштеп жаткан стоматологиялык борбордун иши токтотулду