Бостериде жаш жигит сууга чөгүп кетти

Ысык-Көлдө жаш жигит чөгүп кетти. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 10-июнь күнү милицияга “Тез жардам” кызматынын дарыгерлеринен “Золотые пески” пансионатында бир адам чөгүп кеткени тууралуу маалымат түшкөн.

Милиция кызматкерлери саат 18:30да 22 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну пансионаттын пляжына келгенин аныкташкан. 

Сууга чөккөн адамдын денесинен көзгө көрүнгөн жаракаттар табылган эмес. Бул факты катталып, иш козголду.