Бостериде эки адам парашют менен каруселге илинип калган

Куткаруучулар парашют менен каруселге илинип калган 2 жаранды куткарышты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Бостери айылындагы пансионаттардын бириндеги каруселге 2009-жылы туулган Ж.А. менен дагы 1 жаран (аты-жөнү такталууда) парашют менен илинип калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине Ысык-Көл райондук №31 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылып, жогоруда аталган адамдарды жергиликтүү тургундар менен биргеликте аман-эсен түшүрүшкөн. Аталган жарандардын ден соолугуна зыян алып келген эмес, абалдары туруктуу.