Султанбеков энергетика министринин орун басарлыгынан кетти

Сабырбек Султанбеков энергетика министринин орун басары кызматынан бошотулду. Бул тууралуу  аталган министрликтен билдиришти.

Белгилүү болгондой, Султанбеков кызматтан өз каалоосу менен арыз жазып кеткен.

Белгилей кетсек, ал министрдин орун басары кызматына былтыр октябрь айында дайындалган.