ВИДЕО: “Ош” пансионатынын мурдагы директору Ыдырыс Исаковго кол көтөрдү

Иликтөөчү журналист Ыдырыс Исаков Ош шаарындагы чок ортосундагы жерлерди Элдик кошуундардын кызматкерлери мыйзамсыз алгандар тууралуу репортаж жасап жатканда ага “Ош” пансионатынын мурунку директору кол көтөргөн.

 Бул тууралуу видеону Исаков өзү Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

Анда журналистке кол көтөргөн жаран “Ош” пансионатынын мурдагы директору экени айтылат.

Буга чейин журналист Кесиптик кошуундардын кызматкерлери атайылап жерлерди сугарбай жатканын айтып биринчи видеосун чыгарган. Анда Кесиптик кошуундардын кызматкерлери тууралуу сөз болгон. Ютуб каналына жүктөлгөн видеодо Ыдырыс Исаков бир туугандар тууралуу айтып, алар жерлерди кантип бөлүштүрүп алганы тууралуу маалымат берилген.

Журналистке кол көтөргөн жагдай боюнча милиция комментарий бере элек.

Исаков «Жетекчилердин жемине айланган Ош пансионаты» аталышындагы материал даярдаган болчу.