Ош медиа коомчулугу Ыдырыс Исаковго кол салууга байланыштуу Садыр Жапаровго кайрылды

Ош медиа коомчулугу журналист Ыдырыс Исаковго кол салууга байланыштуу президент Садыр Жапаровго кайрылды. ММК өкүлдөрү Ош пансионатынын мурдагы директору Маматкарим Койчукуловду жоопкерчиликке тартууну жана бул маселени мамлекет башчынын жеке көзөмөлүнө алууну талап кылууда.

“Эркин журналист Ыдырыс Исаковдун жумуш ордунда сабалышын журналисттерди каралоо үчүн жасалган кылмыштуу аракет жана сөз эркиндигине сокку деп эсептейбиз. Ошондуктан президент Садыр Жапаров бул кылмышты жеке көзөмөлүнө алышы керек жана кылмышка шектелген Ош пансионатынын мурдагы директору Маматкарим Койчукулов мыйзам чегинде жазасын алышы керек”, – деп жазат журналисттер.

ЖМК өкүлдөрү журналист Исаковдун Оштогу пансионатында иликтөөсүндө мыйзам талаптары жана журналисттик этика сакталганын белгилешти Президентке «Идар Медиа», «Ынтымак», «Азия ТВ», «Т-Медиа», «Азаттык», «Регион ТВ», «Ош жаңырыгы» гезиттеринин 41 журналисти, ошондой эле, көз карандысыз журналисттер кайрылды.

Эске салсак, кечээ, 12-июнда Ыдырыс Исаков Фейсбуктагы баракчасына Ош пансионатынын мурдагы жетекчиси Маматкарим Койчукулов аны кантип ур-токмокко алганы тууралуу видеону жарыялаган.