Ыдырыс Исаков: Ошто майрам күнү жүздөй “мал” бошонуп кетти

Журналист Ыдырыс Исаков Оштогу Эгемендүүлүк күнүндөгү көк бөрү оюнунан кийинки тополоң тууралуу өз пикирин “Тез кабарга” айтты.

“Мен орой айтып жатам. Кечээ Ошто жүздөй “мал” бошонуп кетти. Чындыгында ал малдын, айбандын кыла турган жумушу. Илгертен көк бөрү оюну кызыл кандуу, жоон билектүү, чабышып, тиштешип, согуша турган оюн. Ал жерде бут, тиш сынат. Ошол себептен буттарын шакшактайт, башына каска кийет. Антпесе баш сынат, бут сынат. Батыш элдери аталган оюнду сындап, мыкаачылык оюн экендигин айтып келишет. Кантсе да, жаман болсо да бул оюн биздин оюнубуз. Бул биздин байлыгыбыз, улуттук маданиятыбыз, улуттук оюнубуз, ушуну менен биз өзгөчөлөнүп турабыз”, – дейт ал.

Ошондой эле ал, бийликти сындагандардын катарында турганын айтып, жаман болсо дагы Өкмөт стадионду оңдоп-түзөп, актап, сырдап, ал жакка келген жерге жол салып бергенин айтты. Уюштуруучулар тараптан кемчилик кеткенин белгилеп, бирок ошону менен колдонуп кеткендерди эркин журналист сынга алды.