Баасы 1,5 миллион сом: Ошто бирөөнүн жүгүн сатып жиберген шектүү кармалды

Бул тууралуу Ош ШИИБинен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, 2022-жылы 27-октябрда Талас шаарынын 40 жаштагы тургуну Бишкектен Талас шаарына 390 миң сомдук 5 тонна кум шекер, 1 миллион 133 миң 370 сомдук кир жуучу жана үй-тиричилик каражаттарын мамлекеттик белгиси 01 KG 240 AJA болгон “Вольво” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаага  жүктөп жиберген. Бирок жүк ташуучу унаанын айдоочусу жүктү Талас шаарына эмес Ош шаарына алып барып сатып жиберген.  

Натыйжада жабырлануучу 1 миллион 523 миң 371 сом зыян тарткан.

Бул факты боюнча 2022-жылдын 28-октябрында Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 2-бөлүмү кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталган.

1-июнда кылмышка шектелип Ош облусунун Араван районунун тургуну 1985-жылы туулган Б.Ш. кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Ош шаардык соту 3-июнда тергөө иштери аягына чыкканга чейин абакта кармоо боюнча чечим чыгарган.

Учурда шектүүнүн үстүнөн ушундай мазмундагы Ош шаарынан 2, Араван районунан 4, Өзгөн районунан 2 жаранынан арыз келип түштү. 

Шектүүнүн аракетинен жабыр тарткан жарандар болсо Ош ШИИБинин кылмыш иликтөө бөлүмүнө 0 707 – 491 – 449, 0 552 -362 – 619 жана 102 номурлары аркылуу кабарласа болот.