УКМК билдиргендей, Турак жай-жарандык курулуш башкармалыгына караштуу Нарын облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызматкерлерине карата кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголду.
Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 13-майында Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана бөгөт коюуга багытталган комплекстүү иш-чаралардын натыйжасында, КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Турак-жай жана граждандык курулуш департаментинин алдындагы Нарын райондук капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызматкерлерине карата кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесине ылайык кылмыш иши козголгон.
“Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын алкагында, «ГлавПроектСтрой» ЖЧКсы тарабынан Нарын облусунун Кочкор районунун Төлөк айылындагы орто мектептин спорт залы курулуш нормаларын жана эрежелерин одоно бузуу менен курулганына карабастан, 2019-ж. Нарын Капиталдык курулуш башкармасынын жооптуу кызматкерлери бул объектти курулуш нормаларына ылайык деп пайдаланууга кабыл алышкан.
Нарын Капиталдык курулуш башкармасы менен «ГлавПроектСтрой» ЖЧКсынын ортосунда түзүлгөн 8 млн 465 миң 306 сомго келишимге ылайык, спорт залдын курулушу 2017-2019-жылдар аралыгында жүргүзүлгөн. Бирок, иш жүзүндө Нарын Капиталдык курулуш башкармасы көрсөтүлгөн мөөнөттө подрядчыга 9 миллион 774 миң 768 сом которгон”, – деп айтылат маалыматта.
Соттук-курулуш экспертизасынын корутундусуна ылайык, мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 400 миң сомго жакынды түзгөн.
Бул ишке болгон кошумча зыянды жана бул фактыга тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
![69ea6129 130d 4fe0 8643 2db79a850639 Нарын: капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду](https://bulak.kg/wp-content/uploads/2023/05/69ea6129-130d-4fe0-8643-2db79a850639-1200x675.jpeg)
![5347a3e8 0d36 466a 97b2 44f13bf436f4 Нарын: капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду](https://bulak.kg/wp-content/uploads/2023/05/5347a3e8-0d36-466a-97b2-44f13bf436f4-1200x675.jpeg)
![96f607a8 26ed 4d22 ad5b d958b2ca5367 Нарын: капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду](https://bulak.kg/wp-content/uploads/2023/05/96f607a8-26ed-4d22-ad5b-d958b2ca5367-1200x675.jpeg)
![bfc22354 0c94 4a3d b733 2af6e1992a7f Нарын: капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду](https://bulak.kg/wp-content/uploads/2023/05/bfc22354-0c94-4a3d-b733-2af6e1992a7f-1200x675.jpeg)