Талас районунун жетектөөчү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызмат адамдары кармалды

УКМК тарабынан мамлекеттик башкаруу системасындагы коррупциялык схемаларды жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө, Талас районунун жетектөөчү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызмат адамдарынын мыйзамсыз иштери токтотулду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.


Маалыматка караганда, УКМК Талас шаарындагы тигүү фабрикасын куруу боюнча атайылап пайдасыз келишим түзүү жана «Ника KG» курулуш компаниясынын эсебине 25 миллион сом мыйзамсыз которулган фактысы боюнча, КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү менен “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” боюнча кылмыш иши козголгон.
Такталгандай, 2022-жылдын апрель айында Талас облусун өнүктүрүү фондунун алдындагы Байкоочу кеңеш тарабынан 14.10.2021-жылдагы №220 “Региондорду өнүктүрүү фонддору жөнүндө типтүү жобонун” долбоордук-сметалык документтери жок талаптарын бузуу менен жана Талас шаарында тигүү фабрикасын куруунун максатка ылайыктуулугу боюнча корутундуларды чыгарып, жалпы суммасы 82 млн сомдук долбоор жактырылгандыгы аныкталган.
“2022-жылдын октябрь айында Талас облусунун Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан өткөрүлгөн мамлекеттик тендерлердин жыйынтыгы боюнча текстиль фабрикасын курууга «Ника KG» ЖЧКсы жеңүүчү деп табылган. 17.10.2022-ж. №44 келишимдин негизинде аткарылган иштердин бардык көлөмү иш жүзүндө кабыл алынгандан кийин 100% акча каражаты которулушу керек болчу. Бирок, Талас облусун өнүктүрүү фондунун директору Э.Т.Т. көрсөтмөсү боюнча мурдагы Талас облусу боюнча КР Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Б.Н. Талас облусунун капиталдык курулуш башкармалыгынын катынын негизинде 25 миллион сом которгон, анын ичинен биринчиси, кошумча кайра текшерүүнү талап кылган маалыматтарга ылайык, «откат» иретинде акча каржатын алышкан.
Ушуга байланыштуу, каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу фактыларын аныктоо үчүн КР УКМК Мамлекеттик архитектура агенттигинин квалификациялуу адистери, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарбасы долбоорлоо-сметалык документтерге салыштырма талдоо жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы боюнча курулуштун баштапкы этабында иш жүзүндө аткарылган иштердин долбоордон 7 миллион сомдон ашык (7 038 265 сом) четтөөлөрү аныкталган”, – деп айтылат маалыматта.


2023-жылдын 18-майында тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында төмөнкүлөр кармалган:

  • Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Н.Б.Н.;
  • Талас шаарынын мурдагы мэри Ш.А.А.;
  • Талас облусун өнүктүрүү фондунун директору Т.Э.Т.;
  • Талас райондук курулуш жана инженердик инфраструктура башкармалыгынын мурдагы башчысы С.С.О.;
  • «Ника КГ» ЖЧКнын өкүлү, А.у.А.
    Бул адамдар Кыргыз Республикасынын колдонуудагы Кылмыш-процессуалдык кодексине ылайык, Талас облусунун ИИБнын УККсына киргизилди.
    Тергөө иштери жүрүп жатат.
af630050 ec22 44f7 be8a efaf6f24ba53 1 Талас районунун жетектөөчү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызмат адамдары кармалды
10e3f81f 38d9 43fa ac94 37bf9a2c51a2 Талас районунун жетектөөчү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызмат адамдары кармалды
91ede290 8537 4df5 9df1 cae6c1115df5 Талас районунун жетектөөчү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызмат адамдары кармалды
b2864dfd 5da5 48cd 93af 975df4964bf8 Талас районунун жетектөөчү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызмат адамдары кармалды