СҮРӨТ: Кытай лидери Борбор Азиянын беш өлкөсүнүн президенттери менен бирге

19-майда Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин тосуп алуу аземин өткөрүп, Сиань эл аралык жыйындар борборунда Борбор Азиянын беш өлкөсүнүн лидерлери менен биргелешип сүрөткө түштү.

Эскерте кетсек, кечээ Таң династиясынын бакчасында дагы бир азем болуп өткөн.

Кытай-Борбор Азия саммитине катышуу үчүн Сиань шаарына Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын президенттери келишти.

Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстан мамлекеттеринин лидерлеринин биринчи саммити өткөн жылы Пекин шаарында виртуалдык форматта болгон.  

“Бир тилке-бир багыт” аталышындагы Кытай өлкөсүнүн демилгесинде Эл аралык энергетикалык жана соода-сатык тармагын өнүктүрүү менен инфратүзүмдү масштабдык алкакта өнүктүрүү менен ишке ашыра турган инвестициялык долбоорлор камтылган. 

Аймактагы чектеш мамлекеттер Кытай рыногунда кеңири чөйрөдө  кызматташууну кааласа, Пекин саясый жана коопсуздук жаатындагы  мамилелерди бекемдөөгө умтулууда-деп жазат “Америка үнү” маалымат кызматы.