Чүйдө жаш жигитти сабаган жаран кармалды

Чүй облусунда жаш жигитти сабап, жаагын сындырган шектүү кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, буга чейин «Тик-Ток» социалдык тармагында сабалган бала тууралуу видеолор чыккан. Видеодогу адамдар билдиргендей, 12-майда Большевик айылындагы көлмөдө балык кармап жатканда, аларды белгисиз жаран сабап салган.

Ошол эле учурда, 12-майда милицияга Москва районунун аймактык ооруканасынан 20 жаштагы Б.Ю. аттуу жаран сабалып, ооруканага кайрылганы тууралуу маалымат түшкөн. Сабалган жарандын алдыңкы жаагы сынган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 131-беренеси (ден соолукка анча оор эмес залал келтирүү) боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Милиция кылмышка шектүү катары Большевик айылынын 39 жаштагы Т.Т. аттуу тургунун кармаган. Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Тергөө иштери уланууда.