
Чүй ОИИББ боюнча ЖКККБнын басма сөз кызматы окуучу катышкан жол кырсыгы боюнча маалымат таратты.
Билдирүүгө ылайык, бүгүн, 4-майда болжол менен саат 13:00 чамасында Toyota Sienna үлгүсүндөгү унаасы менен “Бишкек-Сокулук-Чалдабар” унаа жолунун 9-чакырымынан күн чыгышты көздөй башкарып бара жаткан айдоочу 1980-жылы туулган В.С.Т. аттуу корей улутунун жараны 2006-жылы туулган жөө жүргүнчү сүзгөн.
Т.М алган жаракатына байланыштуу Сокулук аймактык ооруканасына жеткирилген.