Эки Honda Fit унаасынын катышуусунда жол кырсыгы катталды

Бишкекте эки Honda Fit унаасынын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, жол кырсык 3-майда эртең менен Горький менен Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Кара түстөгү Honda Fit унаасы жол чыракка токтоп турган ак түстөгү Honda Fit’ти артынан сүзгөн. Бактыга жараша кырсыктан эч ким жабыркаган эмес.

Эки унаа тең айып аянтчага коюлган.