“Бир баланын абалы оор”: жол кырсыгына кабылган окуучулар тууралуу соңку маалымат

Бишкек — «Манас» аэропорту жолунда окуучулар бара жаткан автобус жол кырсыгына кабылган, мындан улам реанимацияга түшкөн окуучунун бири эсине келе элек. Бул тууралуу Шаардык медициналык тез жардамдын балдар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Маманов билдирди.

Мамановдун айтымында, кырсык болгон күнү ооруканага 27 бала түшкөн, анын ичинен 24ү жаткырылган.

«Бүгүнкү күндө жандандыруу бөлүмүндө 1 бала жатат, абалы оор. Ал эми 16 бала ооруканадан чыгарылды. Учурда 8 окуучу дарылануусун улантып жатат. Анын ичинен 1 бала травматологияда жана 6 бала нейрохирургия бөлүмүндө»,-деди ал.

Эске салсак, 20-апрелде Бишкек — «Манас» аэропорту жолунда окуучулар бара жаткан автобус кырсыктаган. Аны артында келе жаткан Go BUS маршруткасы сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен окуучулар жабыркаган.