Жүк ташуучу унаа жолго чуркап чыккан 5 жашар баланы өлтүрө сүздү

Сосновка айылында Mercedes-Benz Atego жүк ташуучу унаасы жолго чуркап чыккан 5 жашар баланы өлтүрө сүздү. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Кырсык 22-апрелде саат 18:26да болгон, унаанын айдоочусу 1968-жылы туулган Г.Б. болгон. Айдоочу Бишкек-Ош унаа жолунда түштүк тарапты көздөй бара жатканда жолдун 80-чакырымында жөө адамдар өтүүчү тилкеден 50 метр алыстыкта ​​жаш бала жолго чыга калган.

Натыйжада 2018-жылы туулган Х.Н. окуя болгон жерде каза болгон.

Териштирүү иштери жүрүп жатат.