«Сосновкадан» 1 тоннадан ашуун эсепке алынбаган спирт кармалды

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Бишкек – Ош автожолундагы «Сосновка» контролдук-өткөрмө пунктунан эсепке алынбаган спиртти ташуу фактысын аныкташты.

Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, рейддик иш-чаранын жүрүшүндө продукцияга тиешелүү документтери жок 1 тоннадан ашык этил спиртин ташыган унаа токтотулган.

Автоунаа айып салуучу жайга киргизилип, текшерүүнүн материалдары юридикалык баа берүү үчүн прокуратура органдарына өткөрүлүп берилди.