Баткендин чек арага чектешкен аймактарында коомдук коопсуздук көзөмөлдөнүүдө

Баткен районунун Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарында милиция кызматкерлери коомдук тартипти көзөмөлдөө максатында кылмыштуулуктун алдын алуу, укук бузууларга жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.


Милиция кызматкерлери чек ара аймактарында жашаган тургундардын мал жандыктарына сак болууга эскертүүлөрдү берип, чек ара тилкелериндеги сатуучуларга пиротехникалык каражаттарды сатууга тыюу салынганын белгилеп, коопсуздукту көзөмөлдөөдө.
Ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери “Раззаков-Ош” унаажолундагы Төрт-Көчө участкасында жол кырсыктарын алдын алуу, мал уурулуктарга жол бербөө багытында иш алып барууда.


Чек ара аймактарында кыргыз-тажик милиция кызматкерлеринин биргелешкен кайгуулдары уюштурулуп, күнү-түнү коомдук коопсуздук колго алынып, абал көзөмөлдөнүүдө.
2022-жылдын 10-декабрынан 15-декабрына чейинки аралыкта жалпысынан 157 унаа текшерилип, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде 40 айдоочуга протокол толтурулду. Ал эми сутка ичинде жол эрежесин сактабаган 8 айдоочуга протокол толтурулуп, айып пулдар салынды.

Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы

WhatsApp Image 2022 12 15 at 08.52.27 1 Баткендин чек арага чектешкен аймактарында коомдук коопсуздук көзөмөлдөнүүдө