Сосновка постунда жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди

Бүгүн, 31-октябрда унаа жолдор кар жаап, тайгалак болгонуна байланыштуу Жайыл районунун Сосновка постунда жүк ташуучу унаалардын кыймылына чектөө киргизилди.

Башка транспорт каражаттарына чектөөлөр киргизилген жок. Бул тууралуу Чүй облусттук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.