Москвада 54 унаанын катышуусундагы жол кырсыгы катталды

Москвада элүүдөн ашык унаанын катышуусундагы кырсык катталды. 

Маалыматка ылайык, кечээ, 30-октябрга караган түнү жол кырсыгында 54 унаа, анын ичинде мотоцикл менен автобус кагышкан. Кырсыктан видеосу интернет булактарына жарыяланды.

«Алдын ала маалыматтар боюнча, кырсык Рябиновая көчөсүндөгү 38-үйдүн жанындагы эстакадада болгон. Анын кесепетинен бир нече унаа жабыркап, эки адам медициналык жардам сурап кайрылышкан”, – деп билдирди Москва мамлекеттик автоинспекциясынын Telegram каналы.

Дептранстын маалыматы боюнча, учурда жолдун бөлүгү тазаланды.