Перизат Суранова Бишкек СИЗО-1дин камерасынан кат жазды

Перизат Суранова Бишкек СИЗО-1дин камерасынан кат жазды. Активист эл аралык уюмдарга кайрылып, Кыргызстанда сөз эркиндигине кысым болуп жатканына көңүл бурууну өтүндү.

Анын айтымында, бир топ активисттерге жана коомдук ишмерлерге карата кылмыш куугунтуктоо ойдон чыгарылган жана Кыргызстанда мыйзамсыздык болуп жатат. Перизат Суранова «авторитардык система сөз эркиндиги, адам укуктары жана коопсуздук сыяктуу демократиялык баалуулуктарды жок кылат» деп эсептейт.

«Дагы бир жолу активисттер, саясатчылар жана блогерлер жасалма айыптар менен массалык түрдө түрмөгө камалды. ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү Актан Ногойбаев мыйзамсыз иш козгоп, мыскылдуу, коррупционер, «гумандуу» сот кезектеги саясий заказды татыктуу аткарды. Ал тургай жашы жете элек үч балам, карыган оорулуу ата-энем бар экенин эске алышкан жок. Арыз бир тараптуу каралды», – деп жазган ал.

Суранова бардык эл аралык уюмдарга кайрылды.