Жеңиш Разаков дагы эки айга камакта калды

Алдамчылыкка шектелип кармалган Кыргызстандын мурдагы вице-премьер-министри Жеңиш Разаковдун камактагы мөөнөтү эки айга узартылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, анын бөгөт чарасы 20-апрелде каралып, сот аны 24-июнга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган.

Разаков №1 тергөө абагында камакта болот.

Эскерте кетсек, Разаков 24-январда кармалып, Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгү (алдамчылык) жана 337-беренесинин 4-бөлүгү (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) боюнча иш козголгон.

Маалым болгондой, милицияга Б.А. аттуу жаран арыз жазып, Разаков 1 млн доллар алып, бербей койгондугун билдирген.

Кармалгандан кийин Разаков 24-февралга чейин камакка алынган. Кийинчерээк анын камактагы мөөнөтү 24-апрелге чейин узартылган.