Ноокатта асынып алган окуучу кыздын өлүмү боюнча териштирүү башталды

Ош облусунун Ноокат районунунун Арал айылында 14 жаштагы өспүрүм кыз өзүнүн үйүндө асынып каза болгондугу боюнча териштирүү жүргүзүлүп баштады. Бул тууралуу 24-апрелде облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, окуя үстүбүздөгү жылдын 4-апрелинде болгон. Анда 8-класстын окуучусу өзү жашаган үйүнө асынып алган. Бирок, милицияга окуя боюнча билдирүү 24- апрелде түшкөн.

“Маркум Арал айылында ата-энеси менен чогуу жашап жаткан. Райондун аймагындагы мектептердин биринде 8-класстын окуучусу болгон. Маркум асынып алган күнү жакындары милицияга билдирген эмес. Мындан улам, маркумдун сөөгүнө сырттан кароо жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк болгон жок. Себеби анын сөөгүн 4-апрелде жерге беришкен”,- деп айтылат маалыматта.

Милиция Ноокат РИИБи окуяны электрондук китебине  катталып, учурда териштирүү иштери жүргүзүлүп жатканын билдирди.