Бөтөлкө чогулткан беш жашар баланын жакындарына гуманитардык жардам көрсөтүлдү

Көчөдөн бөтөлкө чогулткан бала боюнча мэрия түшүндүрмө берди. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2023-жылдын 18-апрелинде Биринчи май райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгына Түгөлбай-Ата көчөсүнүн боюнда жайгашкан «Малыш» балдар медициналык борборунун жанында беш жашар бала желим бөтөлкө чогултуп жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.

Бүгүн, 19-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи май районунун социалдык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан Тыныстанов жана Түгөлбай-Ата көчөлөрүнүн кесилишинде таштандыларды кабыл алуучу жайда жашаары аныкталган.

Кызматкерлер дарекке барган учурда ал жерде Өзбекстандын жарандары жашашкандыгы белгилүү болду.

Текшерүүнүн жүрүшүндө жашаган жеринде санитардык-гигиеналык нормалар сакталбаганы, балдардын жашоосу үчүн шарттар түзүлбөгөнү аныкталган.

Мындан тышкары, Өзбекстандын жарандарына балдардын мыйзамдуу укуктарын сактоо жана ата-энелик милдеттерди так аткаруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Биринчи май районунун социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан чет өлкөлүк үй-бүлөлөргө азык-түлүк жана кийим-кече түрүндө гуманитардык жардам көрсөтүлдү. Ошондой эле Биринчи май администрациясы жарандарынын оор турмуштук абалына байланыштуу Өзбекстандын элчилигине кат жөнөткөн.

340b481b 1547 4b2e 9772 ed125bb96f46 Бөтөлкө чогулткан беш жашар баланын жакындарына гуманитардык жардам көрсөтүлдү