Шаршенбек Абдыкеримов оор абалда жандандыруу бөлүмүнө түштү

«Аю» арак заводунун мурдагы кожоюну Шаршенбек Абдыкеримов реанимацияда. Бул тууралуу ЖК депутаты Балбак Түлөбаев билдирди.

Анын айтымында, бул заводдун мамлекетке өтүшү менен байланышы жок.

Журналисттин суроосуна жооп берип жатып, Балбак Түлөбаев «Заводду рейдерлик жол менен тартып алуу же конфискация болду деп атоого болбойт»,-деп билдирди.

Буга чейин, ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 240-беренеси (Спиртти жана спирт кошулган ичимдиктерди мыйзамсыз өндүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Аталган иш чара этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттиктин кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн.

Кылмыш ишинин алкагында спиртти жана спирт кошулган ичимдиктерди мыйзамсыз өндүрүүгө мүмкүн болгон даректер аныкталган. Бир нече даректерде, анын ичинде Сокулук айылында жана Токмок шаарында кечиктирилгис тинтүү жүргүзүлүп, анын натыйжасында даяр продукциялар жайгаштырылган кампалардан (“Токмок Буллс” ЖЧК) мыйзамсыз жүгүртүүдөгү 260 тоннадан ашык этил спирти, “АЮ” компаниясынын бухгалтердик документтери, акциздик маркалары жок 12 миң бөтөлкөдөгү спирт кошулган ичимдиктер табылып, алынган.

Ал эми, кийинчерээк президент Садыр Жапаров “Аю” компаниясы мамлекеттин менчигине өткөнүн жарыялаган.