450 миң сом. Свердлов районунун прокурорунун улук жардамчысы пара менен колго түштү

Бул туурасында УКМК маалымат таратты. Маалым болгондой, 19-апрелде саат 18:40та УКМК Мамлекеттик прокуратуранын Тергөө башкармалыгы менен биргеликте Бишкек шаарынын Свердлов райондук прокуратурасынын прокурорунун улук жардамчысын прокуратуранын имаратында пара алып жаткан жеринен кармады.


“Борбугулов Абдубали Тайырбекович өзү тергеп жаткан сотто каралып жаткан иш боюнча оң чечим чыгаруу жана арыз ээсине карата өзүнчө сотко чейинки өндүрүштү жокко чыгаруу үчүн 450 миң сом (5 миң АКШ доллары) өлчөмүндө опузалап акча талап кылган, – деп айтылат маалыматта.

IMG 20230419 WA0034 450 миң сом. Свердлов районунун прокурорунун улук жардамчысы пара менен колго түштү
IMG 20230419 WA0033 450 миң сом. Свердлов районунун прокурорунун улук жардамчысы пара менен колго түштү
IMG 20230419 WA0036 450 миң сом. Свердлов районунун прокурорунун улук жардамчысы пара менен колго түштү